Глазьев: Кыргызстандын ББнын мүчөсү болууга бардык мүмкүндүгү бар

Жазылуу
Жакынкы арада ченемдик-укуктук актыларды ББ жана БЭА мыйзамдарына ылайык келтирүү процесси аяктаганы турат, андан соң документтер пакети ратификациялоо үчүн парламентке жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия президентинин евразиялык интеграция маселеси боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

ББга кирүүдө КРдин мыйзамдарына каршы келген учурлар болбош керек
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуу процессине тийиштүү маселелерди талкуулады.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда кыргыз тарап өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө.

"Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү – Кыргызстан өкмөтүнүн ишиндеги келечектүү милдеттердин бири. Жакынкы арада ченемдик-укуктук актыларды ББ жана БЭА мыйзамдарына ылайык келтирүү процесси аяктаганы турат, андан соң документтер пакети ратификациялоо үчүн парламентке жөнөтүлөт. Ошондой эле республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишим долбоору иштелип чыккан. Макулдашуу процедураларынан өткөн соң, долбоор кеңири коомдук талкуу үчүн өкмөттүн веб-сайтына жайгаштырылат", — деп маалымдады премьер-министр.

Өз кезегинде Сергей Глазьев Кыргызстандын ББ жана БЭА интеграциялык бирикмелерине кошулуусу боюнча оңдуу динамикасын белгиледи.

"Кыргызстандын Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга бардык мүмкүндүгү бар. Россия Федерациясы тараптан бардык тийиштүү көмөк көрсөтүлөт", — деп билдирди РФ президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан экономикасынын Бажы биримдигинин укуктук ченемдерине адаптациялоо үчүн Россия жана Казакстан бөлгөн каражатты өздөштүрүү үчүн биргелешкен аянтчаны түзүү, республиканын ББ кирүү алкагындагы техникалык жөнгө салууну жана бажы башкаруусун, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0