Жаңы министрлер ант берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИИМдин жаңы дайындалган министири Мелис Турганбаев ант берүү аземинде
ИИМдин жаңы дайындалган министири Мелис Турганбаев ант берүү аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берди.

БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Өкмөт курамынын жаңы дайындалган мүчөлөрү — Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Саламаттык сактоо министри Таланбек Батыралиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Жогорку Кеңеште ант беришти. Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.

Белгилей кетсек, аталган министрлердин талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, депутаттар да өз макулдугун беришкен.

КР өкмөтүнүн бул мүчөлөрү буга чейин президенттин тиешелүү Жарлыктары менен дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0