Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси дайындалды

© Sputnik / В. Бирюков / Медиабанкка өтүүАрхив: Куала-Лумпур шаары
Архив: Куала-Лумпур шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылычбек Султанов буга чейин Социалдык өнүгүү министрлигин бир жылдай жетектеген.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кылычбек Султановду Кыргызстандын Малайзиядагы Ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоо жөнүндө буйрукка бейшембиде кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал 2012-2013-жылдары Социалдык өнүгүү министрлигин жетектеген. Мамлекеттик кызматкер катары чини жок. Буга чейин дипломатиялык кызматтарда иштеген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0