Россия, Кыргызстан премьерлери экономикалык кызматташтыкты талкуулайт

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүАрхив: Оторбаевыдын Медведев менен "Горки" резиденциясындагы жолугуушусу.
Архив: Оторбаевыдын Медведев менен Горки резиденциясындагы жолугуушусу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын өкмөт башчылары Москвада евразиялык экономикалык биригүүнүн алкагында эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшөт.

БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. Россиянын жана Кыргызстандын премьер-министрлери Дмитрий Медведев менен Жоомарт Оторбаев экономикалык кызматташтык жана евразиялык биригүү маселелери боюнча Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

"Экономика, отун-энергетика, өнөр жай, транспорт, каржы жана башка бир катар тармактардагы эки тараптуу иштешүү маселелери жолугушуунун негизги темалары болмокчу. Ошондой эле Дмитрий Медведев менен Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын евразиялык экономикалык биригүү процессине кошулуусу жөнүндө келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн карашмакчы", — деп билдирди Россия өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Кызматташтык боюнча комиссия

Жоомарт Оторбаев бүгүн Дмитрий Медведев менен жолугат
Шейшембиде, 2-декабрда, Оторбаевдин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык россиялык-кыргыз комиссиясынын ишине катышуусу пландалууда. Оторбаев комиссиядагы кыргыз тараптын жетекчиси катары иш алпарат, ал эми россиялык тараптан Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов тең төрагалык кылмакчы. 

Отурумда соода-экономикалык жааттагы эки тараптуу иштешүү, отун-энергетикалык комплексиндеги, минералдык-чийки зат жана тоо-кен тармагындагы, айыл чарба өндүрүшү, өнөр жай, транспорт, туризм жана каржы жаатындагы кызматташтык, ошондой эле ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда. 

Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭСтин Жогорку-Нарын каскадын куруп, ишке киргизүү боюнча 2012-жылдын сентябрында кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, гидроэнергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу күн тартибиндеги негизги суроолордун бири болмокчу. 

Ошондой эле күн тартибинде миграция жана бажы маселелери да каралат. Андан сырткары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, билим берүү, илим, маданият жана спорт тармагында кызматташуу да талкууланат. 

Оторбаевдин иш сапары өкмөттөр аралык өз ара иштешүүнү тереңдетүүгө, эки өлкөнүн тең улуттук кызыкчылыктарына шайкеш келе турган шериктештик жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө, ошондой эле Борбордук Азиядагы туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө. 

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биригүүгө кошулушу

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биригүүгө кошулушу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуулардын ишке ашырылуусуна өзгөчө көңүл бурулат. 

Россия, Беларусь, Казакстан жана Армения 2015-жылдын 1-январынан тартып Евразиялык экономикалык коомдоштукту ишке киргизип, ага Кыргызстан да кошулганы турат. Бул үч өлкө бирдиктүү бажы аймагын түзүп алышкан, алардын ички дүң өндүрүмүн кошуп алганда, КМШнын бардык дүң өндүрүмүнүн 85%ын түзөт, ал эми калкынын саны 170 миллион адамга жетет. 

Кыргызстан Бажы биримдигине кабыл алуу өтүнүчү менен 2011-жылдын жазында кайрылган. Кыргызстандын Бажы Биримдигине кошулушу боюнча иш-чаралар планы 2014-жылдын 29-майында жактырылган. Кошулуу жөнүндө макулдашууга кол коюу 23-декабрга белгиленген. Оторбаев өзүнүн министрлер кабинетине зарыл болгон ченемдик-укуктук базаны даярдоону декабрь айына чейин бүтүрүүгө тапшырма берген. 

Июнь айында Кыргызстан евразиялык биригүү боюнча "жол картасын" ишке ашырууга киришкен. Ошону менен бирге ал өзүнүн ири рыноктору үчүн белгилүү бир жеңилдиктер, ошондой эле Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен жерлерде бажы жана чек ара өтмөктөрүн жабдууга каржылык жардам берилет деп үмүттөнөт. 

Кыргызстандын евразиялык биригүүгө кошулушу боюнча "жол картасында" Бажы биримдигинин регламентине шайкеш келтирүү үчүн 59 ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышы каралган. Тийиштүү мыйзам долбоорлорунун айрым бөлүгү азыр республиканын парламентинин кароосунда турат.

Май айында Кыргызстан евразиялык экономикалык биригүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Россия менен өкмөттөр аралык келишим түзгөн. Ал агроөнөржай комплексинде, кийим тигүү-токуу өнөр жайында, тоо-кен, металлургия жана кайра иштетүү өнөр жайында, транспорт, турак-жай курулушу, соода, ишкердик, башка инфраструктура тармагында өз ара иштешүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Россиянын парламенти бул келишимди 26-ноябрда ратификациялаган. 

Ошондой эле Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү да каралууда. Россия фонддун 500 миллион долларлык уставдык капиталын түзүп, дагы 500 миллион доллардан кем эмес заёмдук каражаттарды тартат. Бул каражаттар кыргыз тарапка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилет. Андан сырткары, Россия тарап Кыргызстандын евразиялык биригүүгө кошулушу боюнча "жол картасынын" иш-чараларына эки жыл аралыгында 200 миллион долларды кайтарымсыз бермекчи. 

Эки тараптуу кызматташтык

Россия — Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. 2013-жылы эки тараптуу товардык жүгүртүүнүн көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 18%га — 2,14 миллиард долларга жогорулады. Ал эми Кыргызстандын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндөгү Россиянын үлүшү 27%дан ашты. Кыргызстан Евразиялык экономикалык коомдоштукка кошулгандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы товардык жүгүртүүнү олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк жаралат. 

Эки өлкөнүн кызматташуусунда артыкчылык мааниге ээ багыттардын бири. Россиян Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко октябрдын аягында Бишкекке келген учурда батыштан Россияга азык-түлүктүн импортуна карата коюлган чектөөлөрдү эске алганда, Кыргызстан үчүн Россияга айыл чарба өндүрүмдөрүн сатууну көбөйтүү жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачылып жаткандыгын белгилеген. 

Россиянын президенти Владимир Путин кыргыз кесиптеши менен август айында Сочиде өткөн жолугушуусунда эки өлкөнүн биргелешкен көп пландары бар экендигин эске салган. Аларга энергетика тармагын кошкондогу бир катар инвестициялык жана башка бир катар башка тармактагы өнүктүрүү пландары кирет. Алмазбек Атамбаев Путинди "Кыргызстан өзүнүн стратегиялык өнөктөшү болгон бир тууган Россия менен мамилелерин бекем жана ырааттуу өнүктүрүүгө жана жандандырууга ниеттене тургандыгына" ишендирген.

Кыргызстандын экономикасына Россиядагы эмгек мигранттарынын жиберип жаткан акчалары олуттуу салым болууда. 2013-жылдын тогуз айында алардын көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашкан. Бул өлкөнүн бюджетинин 30%ына барабар. 2013-жылы дээрлик 650 кыргыз жараны Россиянын миграциялык каттоосуна алынып, 170 миңден ашык адамга иштөөгө уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0