Федералдык жыйынга кайрылуу: Путиндин өзөктүү билдирүүлөрү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОбращение президента РФ В.Путина с ежегодным посланием к Федеральному Собранию
Обращение президента РФ В.Путина с ежегодным посланием к Федеральному Собранию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Президенттин кайрылуусу эң маанилүү саясий окуялардын бири болуп эсептелет, ал эми быйыл эл аралык жана экономикалык абалдын татаалдыгынан улам ага өзгөчө көңүл бурулду.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Президенттин кайрылуусунун олуттуу бөлүгү экономиканы либералдаштыруу чараларына арналды, бирок мамлекет башчысы сырткы саясат, мамлекеттик каражаттарды сарптоо, билим берүү, саламаттык сактоо жана кадрларды даярдоо маселелерине да кеңири токтолгондугун билдирди РИА Новости президенттин Федералдык жыйынга кайрылуусунан он-лайн алып билдирүүнүн жыйынтыктары боюнча.

Өз сөзүндө Владимир Путин бир нече өзөктүү билдирүүлөрдү жасады.

Россия Украинанын экономикасын колдоого зор салым кошту

"Россия Украинанын экономикасын колдоого зор салымын кошуп жатат жана кошуп да келген", — деди президент Федералдык жыйынга кайрылуу сөзүндө.

Анын айтымында, Россиянын банктары Украинанын экономикасына 25 миллиард долларга жакын каражаттарды инвестициялашкан. Өткөн жылы РФтин Каржы министрлиги Украинага үч миллиард доллар насыяга берген. "Газпром" Украинанын экономикасын дагы 4,5 миллиард долларга насыялап, ага убада кылынбаса деле газдын баасын арзандатып берди. 

"Бардыгы болуп 32,5 миллиард доллар, бул — акыркы мезгилде берилгени гана", — деп жыйынтыктады Путин.

Президент РФке кайтып келип жаткан капиталдын баарына мунапыс жарыялоого чакырды 

"Каражаттары менен мүлкүн Россияда легалдаштырган адам аны эч ким ар кайсы органдарга, анын ичинде укук коргоо органдарына да, сүйрөп, капиталды кайдан кантип алганын териштирбей, сурабай тургандыгына, ошондой эле кылмыш жана административдик жоопкерчилик боюнча куугунтукка дуушар болбошуна, ага салык кызматтары менен укук коргоо органдары тарабынан эч кандай маселе жаралбай тургандыгына ишеничтүү укуктук кепилдик алат", — деп түшүндүрдү Путин өзү сунуштап жаткан мунапыстын принциптерин. 

Санкциялар — тездик менен өсүүгө зор түрткү 

Президент Путин Батыштын Россияга каршы санкцияларын өлкөнү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн жакшы түрткү катары кабылдоону сунуштайт.

"Санкциялар менен тышкы чектөөлөр — бул алдыга коюлган максаттарга мурдагыдан да натыйжалуу, тезирээк жетүүгө жакшы түрткү", — деген президент алдыда жасай турган иштер арбын экендигин белгиледи. 

Россия Европа жана АКШ менен алакасын үзбөйт

Россиянын Европа жана АКШ менен мамилелерин үзүү ниети жок, ошону менен бирге эле Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну улантат, деп билдирди Владимир Путин.

"Биздин максат — батышта да, чыгышта да тең укуктуу өнөктөштөрдү мүмкүн болушунча көбүрөөк табуу. Азыркы тапта биригүү процесстери күч алып жаткан, саясат менен экономика аралашып кетпеген аймактардагы иштерибизди кеңейтебиз", — деди Путин. 

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТрансляция послания президента РФ В.Путина к Федеральному Собранию
Трансляция послания президента РФ В.Путина к Федеральному Собранию - Sputnik Кыргызстан
Трансляция послания президента РФ В.Путина к Федеральному Собранию

Эч ким Россияга аскердик үстөмдүк кыла албайт

"Россияга аскердик үстөмдүк кылуу эч кимдин колунан келбейт. Биздин заманбап, согушка жарамдуу аскерибиз бар, азыр айтып жүрүшкөндөй, ал сыпайы, бирок сүрдүү. Өз эркиндигибизди коргоого күчүбүз, эркибиз, кайратыбыз жетет", — деп билдирди Владимир Путин Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуу учурунда.

Ал Россия дүйнөнүн көп кырдуу болушун коргоого алып, чет өлкөлөрдөгү адамдарга чындыкты жеткирип турарын, ошондой эле ишкердик жана гуманитардык байланыштарды, илимий, билим берүү жана маданий карым-катнаштарды активдүү өрчүтө тургандыгын белгиледи. 

Россияны Югославиядай бөлүп-жарып таратып жиберүүнү каалашкан

Россияда Югославиядагыдай окуяны уюштуруп жиберели дешкен, "чет жактан" сепаратизмди айкын эле колдоолор болду, деп айтты Путин Федералдык жыйындын алдында сүйлөп жатып. 

"Биздин болуп көрбөгөндөй ачыктыгыбызга карабай, кечээки каршылаштарыбызды жакын дос, ал турсун, шериктештей карасак да, Россиядагы сепаратизмди маалыматтык да, саясий да, каржылык да, атайын кызмат тарабынан да сырттан колдоолор болгондугу айкын", — деди Путин.

Украинага байланышкан кырдаалда Москва Батышка баш ийбейт

Москва Украина боюнча кырдаалда эч ойлонбостон эле Батыштын кысымына баш ийе бербейт, деп билдирди Россия президенти Владимир Путин.

"Украинадагы трагедиянын эмне кереги бар эле деген суроону берүүгө укугубуз бар. Маселелерди, ал турсун, талаштуу маселелерди да укуктук чекте жана мыйзамдуу иш-аракеттердин алкагында чечсе болбойт беле?" — деп белгиледи ал.

Россия үчүн Крым ыйык мааниге ээ

"Россия үчүн Крым, байыркы Корсунь, Херсонес, Севастополь ислам менен иудаизмди тутунгандар үчүн Иерусалимдеги Храмдуу тоо сыяктуу эле зор цивилизациялык жана ыйык мааниге ээ. Биз буга эми дайыма ушундай мамиле кылабыз", — деп айтты Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылып жатып.

Жаңылыктар түрмөгү
0