ЖК ББга кирүү боюнча кезектеги мыйзам долбоорлорун колдоду

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Жогорку Кенеш
Архив: Жогорку Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун жактырышты.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Парламенттин депутаттары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча мыйзам долбоорлорунун экинчи топтомун үчүнчү окулушта жактырышты. 

Президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кирүүнүн себептерин айтты
Мыйзам долбоорлорунун биринчи топтому ушул жылдын ноябрынын аягында үчүнчү окулушта жактырылган. 

Шаршембиде парламенттин депутаттары табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, атаандаштык жөнүндө, ички соода жөнүндө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, энергетика жөнүндө, жарнама жөнүндө жана селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алышкан. Андан тышкары, өсүмдүктөрдүн карантинине, атмосфералык абага, курчап турган айлана-чөйрөгө байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. 

Өлкөнүн ББга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттин Россия, Беларусь жана Казакстандын экономикалык альянсына кирүүгө бекем ниети бар экендиги туурасында бир нече ирет жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0