Башкы штаб: НАТО аскердик инфраструктурасын Россиянын чек арасын көздөй жылдырууда

© Sputnik / Давид Хизанишвили / Медиабанкка өтүүАрхив: учения НАТО в Грузии
Архив: учения НАТО в Грузии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чыгыштан болгон коркунучтун мизин кайтаруу" деген жел шылтоо менен Польшада, Балтикада, Кара жана Балтика деңиз ойдуңдарында НАТО күчтөрүнүн аскердик окуулары менен машыгуулары жанданууда, деп билдирди РФ КК Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Украинада болуп жаткан окууларды НАТО өзүнүн аскердик инфраструктурасын Россиянын чек арасын көздөй дагы жылдыруу үчүн пайдаланып жатат, деп билдирди шаршембиде РФ КК Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов бир катар өлкөлөрдүн аскердик атташелери менен жолугушууда, деп кабарлайт РИА Новости.

"Азыркы учурда Польшада, Балтикада, Кара жана Балтика деңиздеринин ойдуңунда альянстын кургактагы, аба жана деңиз аскер топторунун саны көбөйтүлүп жатат. "Чыгыштан болгон коркунучтун мизин кайтаруу" деген жел шылтоо менен Польшада, Балтикада, Кара жана Балтика деңиз ойдуңдарында НАТО күчтөрүнүн аскердик окуулары менен машыгуулары жанданууда", — деп белгиледи Герасимов.

Анын сөзүнө караганда, "айрым батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Түндүк Атлантика альянсына кирүүчү өлкөлөрдүн сөздөрүндө Россия акыркы жылда Украинада болуп жаткан жана өлкөнүн түштүк-чыгышында кандуу чыр-чатакка айланган окуялардын түздөн-түз күнөөкөрү катары каралат".

"Ошол эле учурда Польшанын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлеринин берген коопсуздук кепилдиктерине карабай, дал ошол батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Украинанын мыйзамдуу шайланган президенти бийликтен четтетилген", — деп эске салды Герасимов.

Жаңылыктар түрмөгү
0