Президент Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Бордюжаны кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Бордюжаны кабыл алды
Президент Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Бордюжаны кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Президенти менен ЖККУнун Башкы катчысы аталган уюмдун алкагындагы кызматташунун кезектеги маселелерин талкуулады.

БИШКЕК, 12- дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

ЖККУнун Туруктуу кеңешине жаңы өкүл дайындалды
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, андан сырткары Москва шаарында боло турган Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартиби каралды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжа регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмдун алкагында ЖККУГА мүчө мамлекеттердин мындан аркы өз ара иштешүү маселелерине да көңүл бурушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0