Данияр Тербишалиев министрлик кызматтан баш тартты

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Данияр Тербишалиев
Архив: Данияр Тербишалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары ал мамлекеттик каражатты үнөмдөш үчүн Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюуну сунуштады.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. КСДП депутаты Данияр Тербишалиев Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуудан баш тартты. Бул туурасында ал маалымат жыйынында билдирди. 

Ал Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюу керектигин айтты. 

"Азыркыдай кыйын абалда турганда мамлекеттик секторду баш-аягына чейин жакшыртуу керек. Парламенттик фракция башчыларына, президент менен өкмөткө аталган министрликти жоюу керек деп кайрылар элем", – деди эл өкүлү.

Тербишалиев жаштар маселеси жалпы тартипте чечилиш керектигин айтты. 

"Мисалы, жаштар маселесин билим берүүгө, жумушсуздукка кошсо болот. Жаштар боюнча суроолорду чечиш үчүн сөзсүз эле бүтүндөй бир министрликти кармап туруунун кереги жок деп эсептейм", – деди депутат Тербишалиев.

Өткөн жума күнү президенттин  Жарлыгы менен Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов иштен бошотулган.  Ал эми КСДП фракциясы бул кызматка үч депутатты сунуштап, алардын бири Данияр Тербишалиев болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0