Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр болууга макулдугун билдирди

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Дамира Ниязалиева
Архив: Дамира Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалоого макулдугун берди.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалоого макулдугун бергенин Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Ниязалиеванын айтымында, бул ага партия тарабынан берилген тапшырма жана каалоо болгондуктан, ал андан баш тарта албайт.

"Мен бул оор кызматты аркалоого даярмын. Табиятыман тырышчаакмын жана өкмөттү дайыма сындап келгем. Эми тосмонун аркы жагына өтүп, ишти баштоо керек. Ишти эмнеден баштоо тууралуу өз мүдөөлөрүм бар", — деди ал.

Вице-премьер-министрлик кызмат Эльвира Сариева отставкага кеткен Канат Садыковдун ордуна барууга макул болгондон кийин бош калган. Дүйшөмбү, 15-декабрда КСДП фракциясы Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин премьер-министрлик кызматка көрсөтүү чечимин кабыл алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0