Социалдык комитет Ниязалиеванын талапкерлигин вице-премьерликке жактырды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүАрхив: портфель
Архив: портфель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Дамира Ниязалиева менен Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин колдоду.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин вице-премьер-министрлик орунга жактарды. Ниязалиеванын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Аталган комитет андан сырткары Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин да жактырып, Жогорку Кеңешти кароосуна жиберилди. 

Эки талапкерди тең КСДП фракциясы сунуштаган эле. Буга чейин депутат Данияр Тербишалиевдин талапкерлиги Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына көрсөтүлгөн, бирок эл өкүлү мындай сунуштан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0