Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Жазылуу
Өлкө президенти Кадыр Токтогуловду Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.

БИШКЕК, 31-дек — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Кадыр Токтогуловду Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы толук ыйгарымдуу элчиси кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгонун президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин башка буйругу менен Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев ээлеген кызматынан кетти.

Белгилей кетсек, Кадыр Токтогуловдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети да жактырган.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0