Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2015-жылдын 1-ноябрында болушу мүмкүн

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүВыборы президента Киргизии
Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо президент тарабынан шайлоо датасына 60 календарлык күндөн кем эмес, 75 күндөн ашык эмес мөөнөттө жарыяланат.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Келерки парламенттик шайлоо 2015-жылдын 1-ноябрында болушу мүмкүн деп билдирди Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы. 

Шайлоо датасы "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешин шайлоо боюнча мыйзамдардын" негизинде аныкталат.

"Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат жана мурдагы чакырылышта шайланган Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктоочу айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт", — деп маалымдашты БШКдан.

КРдин тарыхында ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенип жатабыз
Бешинчи чакырылыштагы парламент өзүнүн ишин 2010-жылдын 9-ноябрында баштаган, буга карата шайлоо да ноябрда өтүшү керек. 

"Шайлоолор жөнүндөгү" мыйзамдын 59-беренесинде Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтү президент тарабынан шайлоого 75 календарлык күндөн эрте эмес, 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0