ЖКга Мамлекеттик чек ара боюнча жаңы мыйзамдын долбоору сунушталды

Жазылуу
Мамлекеттик чек ара боюнча жаңы мыйзам долбоорунда чек ара маселелеринде укуктук жөнгө салууларды аныктоого жана мамлекеттик органдардын аткара турган иши менен милдеттерин тактоого багытталган.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. Өкмөт чек ара маселелеринде укуктук жөнгө салууларды аныктап, мамлекеттик органдардын аткара турган иши менен милдеттерин тактоого багытталган мыйзам долбоорун ЖКнын кароосуна сунуштады.

Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны аныктоо, мамлекеттик чек аранын жана чек арага чектеш жайгашкан аймактарда, мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында чек ара тартибин кармап турууга, базалык маселелерди аныктоого багытталган. 

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев алып келди.

"Бул мыйзам долбоору чек ара маселелеринде укуктук жөнгө салууларды аныктоого жана мамлекеттик органдардын аткара турган иши менен милдеттерин тактоого багытталган. Андан сырткары КРдин мамлекеттик чек аралардагы кызыкчылыктарын коргогон системаны калыптандырууга, мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө жардам берет", — деди Раимберди Дүйшөнбиев. 

Мыйзам ЖК жыйынында 1-окууда добуш берүүгө жолдонуп, депутаттар сунуштаган толуктоолор, сунуш-пикирлер менен 2-окууда каралмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0