Дом Правительства РФ

Түлеев депутаттык мандаттан ажырады

16
(жаңыланган 12:33 22.01.2015)
Бишкек шаардык сотунун Түлеевга карата чыгарган өкүмүнөн кийин Боршайком мандатын алуу маселесин көтөрдү.

БИШКЕК, 22- янв — Sputnik. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) ЖКнын депутаты Нариман Түлеевдин депутаттык ыйгарымын токтотуу боюнча токтом долбоорун колдоду. Буга Бишкек шаардык сотунун Түлеевга карата чыгарган өкүмү себеп болду деп билдиришти БШКнын маалымат кызматынан. 

КР Баш мыйзамынын 73-беренесине ылайык, депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн мурда соттун өкүмү күчүнө киргенде ажыратылат. 

Боршайкомдун токтом долбоорун Канат Азизден башка анын мүчөлөрү колдоду. 

2012-жылдын июнь айында Башкы прокуратура Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевге, бир муниципалитеттик кызматкерлерге жана "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасына" карата коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Башкы прокуратура кылмыш иши жогоруда айтылгандай Түлеевдин, бир катар кызматкерлердин 2008-жылы Кытайдан автобустарды сатып алууда, аны менен катар эле 200 миллиондук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамга туура келбеген иштерди жасагандыгынан улам козголгондугун билдирген. Август айында дагы бир жаңы кылмыш иши козголуп, бала бакчаны мыйзамсыз сатып жиберген жана таштанды жыйнай турган техникаларды сатып алууда коррупциялык иштерге жол берилген деп айыпталган. 

2013-жылдын 29-июлунда Ленин райондук соту Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялап, 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. 23-декабрда Бишкек шаардык соту төмөнкү соттук инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

16
Белгилер:
Борбордук шайлоо комиссиясы, Нариман Түлеев