Башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлиги көрсөтүлүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков страница сайта prezident.kgДжолдубаева Индира Ырысбаевна заведующая отделом судебной реформы и законности
Джолдубаева Индира Ырысбаевна заведующая отделом судебной реформы и законности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке өлкөнүн Башкы прокурорлугуна Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карап көрүүгө жибергенин президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова ээлеген ордунан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө арыз жазган. Анын арызын Жогорку Кеңештин депутаттары жана өлкө президенти да жактырып, бүгүн эртең менен иштен бошотуу боюнча Жарлыкка кол койгон.

Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз Улуттук университетин аяктаган. 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Эмгек жолу:

2002.05 – 2003.03 – Сорос-Кыргызстандын "Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам берүү коомдук фонду" долбоорунун кеңешчи юристи.

2003.03 – 2005.05 – "Манас" эл аралык аэропортунун кеңешчи юристи

2005.08 – 2006.11 – "Компаньон" Финансылык тобу" чакан кредит компаниясынын юристи.

2006.11 – 2008.03 – "ДЭКА" ЖАКтын аткаруучу директору, юрист.

2008.03 – 2009.02 – КР президентинин администрациясынын укук бөлүмүнүн сот органдар тармагынын эксперти.

2009.02 – 2009.11 – КР президентинин аппаратынын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук анализ жана экспертиза секторунун жетекчиси.

2009.11 – 2010.08 – Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары.

2010.12 – 2001.12 – КР өкмөтүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси.

2011.12 – КР президентинин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0