Жолдубаеванын талапкерлиги ЖКнын эки фракциясында жактырылды

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовЗаседание фракции СДПК
Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурорлукка президент тарабынан сунушталган Жолдубаеванын талапкерлиги фракциялар тарабынан жактырылды.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин "Республика" жана КСДП фракцияларында каралып, талапкерлиги жактырылды. Жолдубаеваны фракциялар жыйынына депутаттарга президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев тааныштырды.

Башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлиги көрсөтүлүүдө
Башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн талапкерди келе жаткан аптанын шейшембисинде, 27-январда ЖКнын профилдик комитети карайт. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.

Бейшемби, 22-январда, Алмазбек Атамбаев анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0