Тактические учения ракетных войск и артиллерии береговых войск Балтийского флота

Россиялык техникалардын Кыргызстанга алынып келиши качан аяктары белгисиз

87
(жаңыланган 17:14 26.01.2015)
Кыргызстан Россиядан миллиард долларлык аскер техникасын алат.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Россия Кыргызстандын коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө максатында бөлүнгөн гранттын алкагында миллиард долларга аскер техникаларын алып келип баштайт. Бул туурасында күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыр техникаларды алып келүүнүн так мөөнөтүн айта албайт, себеби, бул коомчулукка таратуучу ачык маалыматтар эмес. Ал ушул эле себептерден улам, Россиядан келип жаткан аскердик техникалардын түрлөрүн да айта албай тургандагын кошумчалады. 

"Курал менен техникалар пландалган боюнча келип жатат, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Биздин региондогу экономикалык өзгөрүүлөргө карабастан, жетиштүү түрдө курал-жарактарды алдык", — деди ал.

Эки жыл мурда Россия менен Кыргызстан орус тараптын аскерий-техникалык жана ок-дары жагынан бир миллиард долларлык жардам көрсөтүүсү боюнча Келишимге кол койгон. 

Учурда Кыргызстанга миң тоннадан ашуун атайын жүктөр келип түштү. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү зооттолгон танкалардын тетиктерин, жабдыктарын жана артиллериялык куралдарды, андан сырткары ок-дарыларды алган. 

2017-жылга чейин учактар менен тик учактарды алуу пландалган. Аскерий-техникалык жардамдын алкагында Кыргызстан зооттолгон танкаларды, абадан кол салуудан коргонуучу жабууларды, от атуучу куралдар менен ок-дарыларды алмакчы.

87
Белгилер:
аскердик-техника, Абдырахман Маматалиев, Россия
Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров. Архив

Жапаровдун инаугурациясын өткөрүү сценарийи өзгөрдү. Чыгым канчага кыскарат

163
(жаңыланган 20:49 22.01.2021)
Бүгүн комитеттин жыйыны өтүп, ант берүү аземинин программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитет бүгүн, 22-январда, салтанаттын жаңы сценарийин иштеп чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Комитеттин жыйынында ант берүү аземинин программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.

"Инаугурация күнү жолдор жабылып кортеж болбойт жана банкет уюштурулбайт. Инаугурацияга арналган баннерлер жолго илинбейт. Чыгымдар болушунча үнөмдөлөт. Буга чейин айтылган 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартылат", — дешти маалымат кызматынан.

Каражатты үнөмдөө максатында башка дагы иш-чаралар программадан алынганы айтылып, бирок алардын тизмеси ачыкталган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.

Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.

163
Белгилер:
кортеж, өзгөртүүлөр, сценарий, инаугурация, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Жапаровдун инаугурациясына кимдер келет? Расмий жооп
Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары жыйыны. Архив

Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат

44
(жаңыланган 16:57 22.01.2021)
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын чогулткан иш-чаралар коңшу Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.

Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

44
Белгилер:
жыйын, жолугушуу, өкмөт, Евразиялык экономикалык биримдик, Алматы
Тема боюнча
ЕАЭБ: союздаштар саясатты шайкеш келтирүүгө мезгил жетти
Артем Новиков ЕЭК кеңешинин соңку жыйынына катышты. Талкууланган маселелер
Муниципалдык кызматкер карды тазалап жатат. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
23-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди