Ички аскер бөлүгү Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүлмөкчү

© Sputnik / Табылды КадырбековСлужба в Национальной гвардии Кыргызстана
Служба в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө ичинде Куралдуу күчтөрдө жүрүп жаткан реформанын негизинде түзүмдүк өзгөрүүлөр болот.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө жүрүп жаткан реформаларга байланыштуу ички иштер министрлигине караштуу болуп келген Ички аскерлер бөлүгү эми Улуттук гвардиянын карамагына кирмекчи. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Служба в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоо аянтындагы №1 постун коргогон Ардактуу кароол
Өкмөттүн бул боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизген мыйзам долбоору Жогорку Кеӊеште каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоорунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, мурда Ички иштер министрлигине карап келген Ички аскер бөлүгүн, анын түзүмдөрү менен милдеттерин Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүү жобосу камтылган. Ошону менен бирге, ал Улуттук гвардиянын курамында Куралдуу күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0