Чек арачылар Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жагдайларын талкуулашты

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesАрхив: чек ара
Архив: чек ара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча пландалган иш-чаралар так жана өз мөөнөтүндө аткарылышы керек", — деди вице-премьер-министр.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. КРдин Евразиялык экономикалык мейкиндикке кошулуусунун алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын алдына коюлган иштер талкууланды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 

Бул туурасындагы иш-чараларды Абдырахман Маматалиев чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөмбиев менен талкуулады. 

"Өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча пландалган бардык иш-чаралар так жана өз мөөнөтүндө сапаттуу аткарылышы керек", — деп белгиледи вице-премьер.

Жолугушуу учурунда Дүйшөмбиев Баткендин Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара отрядындагы чатак боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди. 

Маматалиев мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн аскердик жалпы тартип, аскердик даярдыкты бекемдөө, өздүк курамдын арасында моралдык-психикалык жагымдуу жагдай түзүү боюнча иштердин жыйындысын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. 

"Аскерге кызмат кылууга чакырылган уландарды тандоонун сапатын жакшыртууга көңүл буруу зарыл", — деди вице-премьер-министр.

Дүйшөмбиев Баткендин Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара отрядындагы чатак боюнча маалымат берип, отряддын тарбиялык иштер боюнча жетекчиси, орун басары экөө тең иштеги шалаакылыгы үчүн кызматтарынан бошотулгандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0