Акаев президент Атамбаевдин басма сөз катчылыгына дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСтраница сайта azattyk.org с биографией Жанар Акаева
Страница сайта azattyk.org с биографией Жанар Акаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү жаш жана мыкты журналисттердин бири президенттин маалымат катчылыгына келди.

 БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Жанар Акаевди Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысына маалымат катчылыгына дайындаган Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жанар Акаев буга чейин "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу болуп иштеп келген. Мындан бир нече ай мурда Акаевге Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги сунушталып, бирок, ал аталган кызматтан баш тарткан. 

Жакында "Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын кабарчысы Чолпон Сулайманова премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин басма сөз катчылыгына дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0