Вице-спикер: Шыкмаматовдун кетишине "Кумтөр" себеп болушу мүмкүн

© Фото / пресс-служба ЖК КРВице-спикер Асия Сасыкбаева
Вице-спикер Асия Сасыкбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын вице-спикери адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтан кетишине себептердин бир нече версиясын атады.

БИШКЕК, 4 фев — Sputnik. Кыргызстандын парламентинин вице-спикери Асия Сасыкбаева адилет министринин кызматтан кетүү чечими тууралуу Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтан кетүү жөнүндө билдирүүсүнө кандай карайсыз?

Алмамбет Шыкмаматов министр юстиции Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов кызматтан ага коюлган ультиматумдан улам кеткенин айтты
— Мен бул фактка эки анжы мамиледемин. Бир жагынан, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адисти жоготуу өкүнүчтүү, экинчи жагынан, мен анын чечимин колдойм, ал туура кылып жатат. Адамды бир эле "мүмкүн" деген сөз үчүн кекелей берген жарабайт. Бизди ансыз деле шылдың кылып жатышат, мындагы жагдай болсо бир жактуу да эмес, жок жерден ойлонуп табылган жана чын эле күлкү келерлик.

— Президенттин аппаратынын жетекчиси болсоңуз, эмне кылат элеңиз?

— "Үчтү" терип туруп, чуулгандуу макала боюнча адилет министрлигинен жеке сурап билмекмин. Эгер ал журналисттин катасы болсо, демек, маселени басылма менен чечмекмин. Ал эми айтылган сөздөр чын болсо, төгүнгө чыгарууну талап кылмакмын. Жана, албетте, маселени жогору жакка чейин алып чыкмак эмесмин. 

— Сиздин оюңузча, бул жагдайдын кандайдыр бир көмүскө себептери барбы?

— Кайсы бир саясий оюндар жүрүп жатат деп болжолдооого болот. Биринчиден, алдыда боло турган шайлоого ылайык, күчтүү оппоненттер четтетилип жатат. Партиялар ортосундагы көрө албастыкты да четке кагууга болбойт. "Ата Мекендин" кишилеринин кесиптик деңгээли бир топ жогору, бул болсо башкаларга жакпайт. Министрлер кабинетинде кызмат алмаштыруулардын көп болушу бир нече саясий бирикмелердин өкүлдөрүнө байланыштуу экендиги эч кимге жашыруун эмес. Бул окуянын учугу өлкөдөгү эң ири алтын кени тарапта да болушу ыктымал. Жана бул башкы версиялардын бири. Кумтөр менен келишим долбоору боюнча Шыкмаматов өтө кескин айтканын баары билет.

Ошондуктан пайда болгон жагдайдын себептери көп, жана алардын кайсынысы чын экендигин жакынкы арада биле алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0