Оторбаев Москвада Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев провел совещание
Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев провел совещание - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оторбаев Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынынын алкагында Россия, Казакстандын премьер-министрлери менен жолугат.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Евразиялык өкмөт аралык кеңештин I жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Евразиялык өкмөт аралык кеңештин алкагында премьер-министр Оторбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын премьер-министри Карим Масимов жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0