Мамбеталиеваны ЖКнын профилдик комитети адилет министри кызматына жактырды

© Фото / пресс-служба Министерства юстиции / minjust.gov.kgМамбеталиева
Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети Жылдыз Мамбеталиеваны адилет министри кызматына жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.

БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева парламенттин профилдик комитети тарабынан Кыргызстандын Адилет министри кызматына жактырылды. Ал Алмамбет Шыкмаматов өз каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин өкмөт башчы тарабынан сунушталган. 

Депутаттарга аны вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тааныштырды. Вице-премьердин айтымында, 44 жаштагы Жылдыз Мамбеталиева адилет министринин орун басары болуп 2008-жылдын күз айларынан бери иштеп келет. Анын жалпы юридикалык тажрыйбасы 21 жыл. Ал өкмөттүн аппаратынын юридикалык бөлүмүндө, прокуратура органдарында жана Конституциялык сотто иштеген.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгы (премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана министрлер) Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин макулдугун алыш керек. Кийин талапкерлер Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Андан кийин гана президенттин жарлыгы менен кызматка дайындалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0