Президент анын айланасындагыларга козголгон кылмыш иштери болсо, териштирүүнү талап кылды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күчтүү Кыргызстан" саясый партиясынын мүчөсү Расул Умбеталиев өткөн жума күнү, 27-февралдагы маалымат жыйында "Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда президенттин тегерегинде иштеп жүргөн азыркы чиновниктерге кылмыш иштерин козгоо боюнча бир катар документтерди даярдагандыгы анын кызматтан кетишинин негизги себеби болгон" деп билдирген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Расул Умбеталиевдин аталган билдирүүсүнүн чын-төгүнүн бышыктоону өлкө президенти башкы прокурор Индира Жолдубаевадан талап кылганын президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

"Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул маалымат боюнча бардык жагдайларды аныктоону тапшырды. Президенттин пикири боюнча Башкы прокуратурада мындай документтер бар же жоктугу аныктап, эгерде бар болсо, эмне себептен тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлбөй, же кылмыш иштери козголбогондугу туурасында коомчулук ачык жооп алууга тийиш", — деди Ниязов.

Өз кезегинде Башкы прокуратура мындай документтер жогорку көзөмөлдөөчү органдын өндүрүшүндө бар экендигин жокко чыгарган, бирок өлкөнүн президенти терең териштирүүнү жана толук маалымат берүүнү талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0