Түштүк аймактын имамдары жыйырма күндүк окуудан өттү

© Фото / пресс служба Ошского областного казиятаТүштүк аймактын имамдары жыйырма күндүк окуудан өттү
Түштүк аймактын имамдары жыйырма күндүк окуудан өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк аймагындагы үч облустун аймагындагы мечиттерден келген жыйырма имамга дин жаатында жана КР тарыхы боюнча билимге ээ болгонун тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан келишкен жыйырма имам "Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу" курсунун алгачкы 20 күндүк курсун аякташып, атайын сертификатка ээ болушту. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

Бул окуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы тарабынан "2020-жылга чейинки КРдин диний саясатты ишке ашыруу концепциясынын" алкагында өткөрүлдү. Курста дин кызматкерлери жалпысынан 136 саат окушту. Алар Куран, Акыйда, Ислам тарыхы, Кыргызстан тарыхы жана фикх илимдеринен сабак алып, жыйынтыгында тиешелүү комиссияга экзамен тапшырышты. 

Жыйынтыгында, экзаменден ийгиликтүү өткөн бардык дин кызматкерлерине Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган атайын сертификаттарды облус Казысы Ниязали ажы Арипов тапшырды.

20 күндүк бул окуу курсу жыл бою улантылып, кезектеги окуу курсу 11-мартта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0