Алмазбек Атамбаев чет элдик элчилердин Ишеним грамоталарын кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принимает верительные грамоты
Президент Алмазбек Атамбаев принимает верительные грамоты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет өлкөлөрдүн элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, КР алар менен мындан ары да бир катар тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 11 мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бир нече чет өлкөлөрдүн элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды деп билдирди президенттин маалымат кызматы шаршемби күнү. 

Белый Дом в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Элчи Токтогулов президент Обамага Ишеним грамотасын тапшырды
Президент Босния жана Герцеговинанын, Дания Королдугунун, Кипрдин, Бруней Мамлекетинин, Фиджи Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Индонезиянын, Чехиянын жана Аргентинанын элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды.

Мамлекет башчысы дипломаттык миссиялардын жетекчилерин өз мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчиси катарында расмий ишмердигин башташы менен куттуктап, КР биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

"Сиздер мындан ары Кыргызстанга инвестицияларды салууга болот деп инвесторлорду ишендирсеңер болот. Аны үчүн бизде жаратылыш шарттары гана эмес, экономикалык шарттар да, инвесторлорду колдогон мыйзамдар дагы кабыл алынган", — деди президент Атамбаев.

Мамлекеттин башчысы элчилер өкүлү болгон өлкөлөр менен КР ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө элчилердин жооптуу миссиясын белгилеп, алардын иши жемиштүү жана натыйжалуу болушун каалады. 

"Жооптуу милдетти аткаруунун жүрүшүндө биздин өлкө менен жакшы таанышып, жакшы көрүп калаарыңыздарга ишенем. Бул болсо эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деди Атамбаев.

Ал дипломатиялык миссиялардын жетекчилерине өз ишмердигин аткарууга керектүү бардык жардам берилип, көмөк көрсөтүлөт деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0