Катар Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарын импорттоого кызыгып жатат

© Фото / пресс-служба МСХ и М КРКатарлык делегация кызматташуу үчүн кыргызстандык айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр менен жолугушууда.
Катарлык делегация кызматташуу үчүн кыргызстандык айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр менен жолугушууда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он бир кишиден турган Катарлык делегация кызматташуу үчүн кыргызстандык айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр менен жолугуп, фермерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүрөт.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Катардын КРдеги элчиси айыл чарба продукцияларын өндүргөн кыргызстандык 10 компаниянын продукцияларынын көргөзмөсүн өз өлкөсүндө уюштурууга даяр. Бул туурасында Айыл чарба жана мелориация министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Экономика жана соода министри жетектеген Катар мамлекетинен келген 11 кишиден турган делегация учурда Кыргызстанда кызматташуу боюнча тармактарды карап жүрөт. Катарлыктарды негизинен айыл чарба продукциялары, тагырагы эт жана мөмө-жемиштер кызыктырууда. 

"Сиздерде табигый таза азыктар өндүрүлө тургандыгынан шек санабайбыз. Бизди Кыргызстанда өндүрүлгөн эт, кургатылган мөмө-жемиштер, жашылчалар кызыктырат. Биз үчүн эң маанилүүсү – анын сапаты. Эгерде баасы боюнча келишсек, андан ары маселе чыкпайт. Сүйлөшүп ала турган бир гана нерсе – жеткирүү, ташуу маселеси", — деди Катардын экономика жана соода министри Шейх Жасим бин Джабер Аль Тани.

Катардын КРдеги Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед Бин Арар Аль-Наими министр Таалайбек Айдаралиевге айыл чарба продукцияларын өндүргөн кыргызстандын 10 компаниясынын чыгымдарын өздөрү көтөрүп, Катарда көргөзмө уюштурууну сунуштады.

Алмазбек Атамбаев Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани менен жолукту
Аталган министрлик тамак-аш азыктарын кайра иштетүүчү жергиликтүү заводдор менен ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. "Al Meera" деп аталган азык-түлүк компаниясынын өкүлү кыргызстандык айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр, анын ичинен, кайра иштетүүчү заводдор менен кызматташууга кызыкчылыгын билдирди.

Жума күнү делегация мүчөлөрү бир нече фермердик чарбаларга барып, алар менен таанышып, мындан аркы кызматташа турган тараптарды табууга ниеттенишүүдө.

2014-жылдын декабрь айында президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине расмий сапарынын алкагында Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани, ири инвесторлор менен жолугуп, кызматташуу боюнча жети документке кол коюлган. 

Тамим Бин Хамад Аль Тани жакын арада Кыргызстанга экономика тармагында кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө Катардан жумушчу топ бараарын, ал инфраструктура, айыл чарба жана туризм тармактарында катар тараптын кызыгуу жараткандыгын ырастаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0