Башкы прокурордун үч орун басары кызматтан алынды

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы кол койду.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурорунун үч орун басары – Темирбек Бекмаматов, Марат Эшперов жана Уланбек Халдаров ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 12-мартта кол койгонун президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кызматтан алынган Бекмаматов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеген. Эшперов менен Халдаров башкы орун басарлары болушчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0