Алмазбек Атамбаев Россия президентинин атайын өкүлүн кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Эл аралык маданий кызматташуу боюнча Россия Президентинин Атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды
Атамбаев Эл аралык маданий кызматташуу боюнча Россия Президентинин Атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен Швыдкой кыргыз-орус мамилелеринде маданиятты өнүктүрүү керектигин талкуулашты.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Эл аралык маданий кызматташуу боюнча Россия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев менен Швыдкой эки өлкөнүн элдеринин маданий жана тарыхый жалпылыгын эске алуу менен аны мындан ары өнүктүрүү керектиги айтылды. Өлкөнүн алдыдагы Евразиялык мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге катышуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы билим берүү, илим, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү кыргыз-россиялык байланыштарды кеңейтүүнүн маанисине токтолду.


Жаңылыктар түрмөгү
0