БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европага карай расмий сапарынын алкагында жекшемби күнү, 22-мартта Астрияга келгенин президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев расмий сапарынын жүрүшүндө Австриянын президенти Хайнц Фишер, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Соня Цвацл менен жолугат жана кыргыз-австрия бизнес-форумуна катышат.Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев баңги заттар жана кылмыш боюнча БУУ Башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов, ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары Кыргызстандын Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германия жана Европа союзунун институттары менен саясий диалогун тереңдетүүгө жана мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө багытталган.
Мамлекет башчысынын Европа союзунун өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюу болжолдонууда.
Атамбаевдин Европа мамлекеттерине карай расмий иш-сапары 1-апрелге чейин уланат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.
Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.
"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.
Трамп Путинге жагарын белгилеген.
"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Бишкектин бир катар районунда электр энергиясы өчүрүлөт. Маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.
Бул күнү мекеменин кызматкерлери турак үйлөрдүн чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп, бак-дарактарды бутайт.
График: