Атамбаев менен Оланд кыргыз-француз мамилесинин жаңы этабы башталганын билдиришти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев менен Оланд кыргыз-француз мамилесинин жаңы этабы башталганын билдиришти
Атамбаев менен Оланд кыргыз-француз мамилесинин жаңы этабы башталганын билдиришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Францияга жасаган расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Франсуа Олланд менен Елисей ак сарайында жолугушту.

Австрия Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолун тандап алгандыгын колдойт
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Францияга жасаган расмий сапарынын алкагында 25 мартта президент Франсуа Олланд менен жолугуп, кызматташууну талкуулап, жолугушуунун аягында кыргыз-француз мамилелеринин жаңы баскычы башталганын билдиришти.

Президенттер Елисей ак сарайында болгон жолугушуусунда Кыргызстан менен Франциянын саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы учурдагы кызматташуунун жана анын келечегин талкуулашты. Эл аралык маселелерге токтолуп, Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашты.

Франция президенти экономикалык багытта эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнүн маанисин белгилеп, тактап айтканда гидроэнергетика жана агроөндүрүш комплекси тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда өз ара кызматташууну активдештирүү керек экендигин билдирди. 

"Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай болбосо да, француз ишкерлеринин көңүлүн көбүрөөк бурууга татыктуу", — деди Олланд.

Мындан сырткары маданият аралык диалогду, кыргыз-француздук маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү туурасында да сөз болду. 

Атамбаев Олландга Франциянын аймагында кыйраган учакта жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. 

Президенттер Атамбаев менен Олланд диалогдун жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешип, бул жолугушуу менен кыргыз-француз мамилелеринин жаңы этабы башталгандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0