Жогорку окуу жайлардагы аскер кафедралары жабылышы ыктымал

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министрлиги университеттердин алдындагы аскер кафедралары коррупцияны жана запастагы офицерлердин санын көбөйтүп жатат деп эсептейт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги Кыргызстандагы университеттердин алдындагы аскер кафедраларын жабуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Замир Суеркулов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Учурда мыйзам долбоору даярдалып жатат. Аскер кафедрларында коррупциянын күчөп кетиши, аларды жабуу демилгесин көтөрүүгө негизги себеп болду", — дейт министрдин орун басары.

Ал ошондой эле, коррупциялык аракеттерге жол бербөө максатында аскер кафедраларын жабуу демилгеленип жатканын кошумчалады.

Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедра бөлүмүнүн башчысы Дакир Узбеков Коргоо министрлиги менен Жогорку Кеңештин чечимин сыйлай турганын билдирди.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көпчүлүгүндө аскер кафедралары 2010-жылы жабылган. Анын ордуна мобилдүү резервдеги кызмат өтөө киргизилген. Ага ылайык, аскердик милдетин өтөө курагына келген ар бир каалоочу 12 миң сом төлөп, аскер бөлүктөрүнүн биринде бир ай кызмат өтөй алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0