Өкмөттүн Таластагы өкүлү отставкага кетип жатат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив.
Портфель. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн өкүлү эмне себептен мындай чечим кабыл алганы азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Койсун Курманалиева отставкага кетип жатканын обладминистрациянын маалымат катчысы Мухаммеджан Суранчиев Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Курманалиева бул тууралуу Апрель окуяларынын беш жылдыгына арналган иш-чарада билдирген.

"Бул билдирүү өзүбүз үчүн да күтүүсүз болду. Эмне себептен мындай чечим кабыл алганы азырынча белгисиз", — деди ал.

Өкмөттүн өкүлүнүн убактылуу милдетин биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров аткарат.

КР өкмөтүнүн аппараты азырынча Курманалиеванын мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Курманалиева Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0