Оторбаев "Кумтөр" боюнча жаңы долбоор иштелип чыкпаса, отставкага кетем деди

Жазылуу
Премьер-министр "Кумтөр" боюнча жоопкерчиликти өзүнө алып, буга чейинки айтылып келген улутташтыруу жана биргилешкени ишкана түзүү варианттары Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин айтып, жаңы долбоор иштеп чыгууну сунуштады.
Оторбаев пригрозил своей отставкой из-за Кумтора

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев эгер депутаттар "Кумтөр" боюнча биргилешкен ишкана түзүү, же аны улутташтыруу пикиринен кайтпаса, отставкага кете турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында премьер биргелешкен ишкана түзүү долбоору Кыргызстан үчүн азыр пайдасыз болуп калганын билдирди. 

Оторбаев кен боюнча жаңы долбоор иштеп чыгууну сунуштады.

""Кумтөр" боюнча бардык жоопкерчиликти мен өзүмө алам. Эгер депутаттар "Кумтөр" боюнча биргилешкен ишкана түзүү, же аны улутташтыруу пикиринен кайтпаса, отставкага кетүүгө мажбур болом", — деди ал.

2014-жылдын февралында Жогорку Кеңеш өкмөт менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюуну жактырган. "Кыргызалтындын" үлүшүн реструктризациялаштырууда келишимдердин барында 2009-жылкы келишим негиз кылып алынмак. Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы шарттарга ылайык, "Кыргызалтын" менен Centerra тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүшү керек. "Кыргызалтын" ААКтын 100 пайыз акциясы өкмөткө тийиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0