Өкмөт: КРдин пайдасы үчүн Центерранын директорлор кеңешин алмаштыруу керек

© Фото / kumtor.kg"Кумтөр" кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Центерранын директорлор кеңеши миноритардык акционерлердин кызыкчылыгын коргобой жаткандыктан, канадалык компаниянын менеджментин алмаштыруу боюнча кыргыз өкмөтүнө акционерлердин жардамын сунуштады.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кумтөр кени боюнча биргелешкен ишкана түзүү мамлекет үчүн пайдасыз экенин маалымат жыйында билдирип, анын себептерине токтолду.

Өкмөт башчынын айтымында, жаңы иштелип чыккан тоо планына ылайык, Кыргызстан ала турган пайдасын бир топ эле жоготот. 

"Иштелип чыккан тоо планына ылайык, Кумтөрдөн Кыргызстанга түшө турган каражаттын көлөмү 742 миллион долларга чейин азаят. Бул биз үчүн пайдасыз", — деди ал. 

Премьер: Акционерлер Центерранын менеджменти иштебейт деп эсептешет
Премьер канадалык компания менен 50-50 үлүшүндөгү биргелешкен ишкана түзүүдө Centerra Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген шарттарды коюп жатканын кошумчалады. Мындай шарттардын ичинде талаш жаратып келген экологиялык, соттошуу боюнча маселелерди толук көзөмөлгө алуу да бар. Андан сырткары, Centerra биргелешкен ишкана менен түздөн-түз иштешүүнү эмес, оффшордук компаниялар аркылуу иштешүүнү сунуштап жатат. 

Түзүлгөн мындай кыйчалыш абалдан Кумтөрдү улутташтыруу аркылуу чыгуу көп ишти, убакытты жана каражатты талап кыла турганын Оторбаев кошумчалады.

Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешин алмаштыруу менен анын ишинин натыйжалуулугун жакшыртса боло турганына өкмөт башчы ишенет. Белгилей кетсек, буга чейин Жоомарт Оторбаев биргелешкен ишкана түзүүнү колдоп келген, бирок акыркы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө анын Кыргызстан үчүн пайдасыз экенине ынанган.

Директорлор кеңешин алмаштыруу сунушу

Оторбаев: Centerra Gold Inc. коюп жаткан шарттар жараксыз
30-мартта премьер-министрдин атына миноритардык акционерлер Мартин Грехэм менен Лорд Кланвильям баштаган жети кишинин атынан кат келген. Алар Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңеши акционерлердин кызыкчылыгын коргобой жатканын билдирип, директорлор кеңешине көз карандысыз адистерди, анын ичинде чет элдик адистерди киргизүү боюнча кыргыз өкмөтү менен иштегенге даяр экенин айтышкан.

Өздөрүн директорлор кеңешине мүчө болуш үчүн сунуштаган жарандардын ким экенин аныктап, талдоо жүргүзүү үчүн КРдин укук коргоо органдарына жана Кумтөр маселеси боюнча Кыргызстандын кеңешчи компанияларына сурам жөнөтүлгөн. Тийиштүү органдар аталган кишилерди батыштын ири компанияларында кесиптик деңгээлде иштей турганын, күмөн санаган учурлар аныкталбаганын билдирген.

Өкмөт башчысы кийинки жумада бул талапкерлер менен таанышуу үчүн аларды Кыргызстанга чакырган. Компаниянын өнүгүшү, капиталын жогорулатуу боюнча алардын көз карашын билүү өкмөт үчүн маанилүү, себеби азыркы менеджменттин иштеши кыргыз өкмөтүн канааттандырбайт. 

Ишке ашпай калган план

31-мартта абалдан чыгуунун сценарийлери парламенттеги айрым фракция лидерлери менен талкууланган. Анда Centerra компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстан тараптан талапкерлерди киргизүү, анын ичинде чет элдиктерди да киргизүү жактырылган. 

Ирсалиев Дуйшон Исмаилович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирсалиев: документке кол коюдан баш тартканым үчүн кызматтан кеттим
Бардык маалыматтарды, аналазди, саясый колдоону алгандан кийин Кыргызстандын Centerra компаниясындагы 3 өкүлү менен биргеликте көз карандысыз 7 талапкерди директорлор кеңешине көрсөтүү боюнча тапшырма берилип, 8-майда жалпы жыйын өтмөк.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев өкмөт сунуштап жаткан чет элдик талапкерлердин артында Максим Бакиев менен Жорж Сорос турат деп документке кол койбой, бул аракети жөнүндө маалымат жыйын өткөргөн.

Өкмөт башчысы Ирсалиевдин мындай аракетин өкмөттүн ишинин регламентин бузуу катары баалап, аны кызматтан алды. 

Эреже боюнча директорлор кеңешине сунушталып жаткан талапкерлердин тизмесин жалпы жыйынга бир ай калганга чейин бериш керек. 8-апрель акыркы күн болчу. Ошентип, директорлор кеңешин таркатуу боюнча өкмөттүн аракети бир аткаминердин күтүлбөгөн кадамынан улам ишке ашпай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0