Вашингтондо Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу кеңешме өткөрдү

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта эки тараптуу кызматташууну жана демократия, адам укуктары жаатында да иш алып барууну талкуулашты.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Вашингтон шаарында Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу кеңешме өткөргөнүн КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

9-апрелде Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган Кыргызстандын делегациясы жыл сайын өтчү КР менен АКШнын кеңешме жыйынына катышты.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта эки тараптуу кызматташууну жана демократия, адам укуктары жаатында да иш алып барууну талкуулашты.

Ошол эле күнү министр АКШнын Мамкатчысынын орун басары Венди Шерман менен жолугуп, дүйнөлүк жана аймактык маселелерди талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0