Ирсалиев: премьер мени ооруканага жатканга көндүргөнгө аракет кылды

© Фото / пресс-служба ФГИ КРИрсалиев: премьер мени ооруканага жатканга көндүргөнгө аракет кылды
Ирсалиев: премьер мени ооруканага жатканга көндүргөнгө аракет кылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 8-майда директорлор кеңешин алмаштырууга мүмкүн болгондугун, бирок, Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине каралган талапкерлерге Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Дүйшөн Ирсалиевдин макул болбогондугу буга тоскоолдук кылгандыгын билдирди.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине чет элдик адистерди киргизе турган кагазга орун басарларымдын кол коюшу үчүн, премьер мени ооруканага жатканга, эмгек өргүүсүнө же командировкага кеткенге көндүргөнгө аракет кылды деп билдирди.

Өткөн бейшембиде, премьер-министр Жоомарт Оторбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Centerra Gold Inc. компаниясынын 8-майда боло турган жалпы жыйынында директорлор кеңешин алмаштырууга мүмкүнчүлүк болгондугун, бирок, Дүйшөн Ирсалиевдин макул болбой койгондугунан жана кызматтык колдонуу үчүн делген документти элге жарыялап салгандыгы бул ишке тоскоол болгондугун айткан. Премьер Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси өз чечимин чыгарардан мурда, министрлер кабинети менен кеңешпегендигине ачууланган. 

Ирсалиевдин айтымында, өкмөт башчысы аны бир нече ирет чакырткан. Ал документке кол коюудан баш тартканда, премьер орун басарларынын кол коюшу үчүн аны ооруканага жатууга, эмгек өргүүсүнө же командировкага кеткенге көндүргөнгө аракет кылыптыр (кылган). Бирок, Ирсалиев буга макул болгон эмес.

Ал премьер-министр бул чет элдик адистерди билбегендиктен жана алар боюнча кепилдик бере албагандыктан, документке кол коюудан баш тарткандыгын айтты. 

"Бул чет элдик адистердин артында Максим Бакиевдин адамдары турат деген билдирүүм менин боолгологондугумдан улам келип чыккан. Буга чейин премьер-министр аталган маселеге абдан кылдаттык менен мамиле жасап келип эле, анан алардын талапкерлигин лобби кыла баштады. Макул болбогондугум үчүн ал туура эмес кылып жана ага баш ийбей жаткандыгымды айтты", — деди Ирсалиев.

Анын айткандарына караганда, талапкерлердин Максим Бакиев менен байланышы бар деген күмөнсүүлөрү кат Англиядан келген кийин пайда боло баштаган. Мындан сырткары, Ирсалиев парламенттин бейшемби күндөгү отурумунда, өкмөт башчысы өзүнүн сунушун "Ата-Мекен" жана "Ар-Намыс" фракцияларынын лидерлери менен макулдашкандыгын, ал эми КСДП жетекчиси андан баш тарткандыгы белгилүү болгондугун эске салды. 

"Андан сырткары Максим Бакиевдин тууганы премьердин кеңешчиси болуп иштегендиктен, менде мындай шектенүүлөр жаралды. Парламенттеги жыйын учурунда сунушталган жети кишинин ичинен төртөө өздөрүнүн талапкерлигин алып койгондон кийин, өзүмдүн туура экендигиме ишендим", — деп айтты Ирсалиев. 

Маммүлк фондусунун мурдагы жетекчиси ошону менен катар эле жума күнү отставкага кеткен "Кыргызалтын" ААКтын жетекчиси Токон Мамытов менен позициясы бирдейлигин айтты. Ирсалиев Кыргызстандын кызыкчылыктарын чет элдик жарандар эч качан коргобойт деп эсептейт. 

Ал өкмөт парламенттин "Кумтөр" боюнча токтомдорун аткарбагандыгын белгилеп, бирок, "аларга көңүл буруп карабагандыктан" маселени чечүүнүн башка вариантын көрбөй тургандыгын айтат. 

Бул боюнча комментарий алуу үчүн өкмөттүн аппараты менен байланыша алган жокпуз. 

Бейшемби күнү өкмөт парламентке Кумтөр боюнча өзүнүн сунушун алып барган. Оторбаев кен боюнча биргелешкен ишкана түзүүдөн же улутташтыруудан баш тартып, компаниянын менеджментин толугу менен алмаштырып, долбоорду өзгөртүүсүз калтырууну сунуш кылган.

Парламент өкмөттүн "Кумтөр" долбоору боюнча ишин буга чейин 26-февралда жараксыз деп тапкан. Жогорку Кеңештин "Кумтөргө" байланышкан токтомдору менен 2014-жылдын февралында өкмөткө долбоор боюнча келишимдерди Кыргызстан үчүн пайдалуу шарттарда кайра түзүү тапшырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0