Ар-Намыс фракциясынын лидери Феликс Кулов. Архивное фото

Кулов Лаврованын отставкасы боюнча: билбеген нерсеме комментарий бере албайм

31
(жаңыланган 14:32 13.04.2015)
Каржы министри Ольга Лаврова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. КРдин Каржы министри Ольга Лаврова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Ольга Лаврова Каржы министрлигин 2012-жылдан тартып башкарып келген. Коалициялык көпчүлүктөгү квота боюнча бул министрлик "Ар-Намыс" фракциясына бөлүнгөн.

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов Лаврованын кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча маалыматты интернет булактарынан окуган.

"Азыр эч нерсе деп айта албайм. Себеби такталбаган нерсеге комментарий берүү туура эмес", — деди ал.

Өкмөттүн жана президенттин аппаратынан бул маалыматты азырынча такташкан жок.

31
Белгилер:
Каржы министрлиги, Феликс Кулов, Ольга Лаврова, Кыргызстан
Тема боюнча
"Кыргызалтындын" төрагасы Токон Мамытов отставкага кетти
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ирсалиев отставкага кетти
Оторбаев "Кумтөр" боюнча жаңы долбоор иштелип чыкпаса, отставкага кетем деди
Депутаттар Аида Салянованын отставкага кетүү арызын колдоду
Пикирлер