Ольга Лаврова. Архив

Ольга Лаврова каржы министри кызматынан бошотулду

66
(жаңыланган 14:38 13.04.2015)
Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өлкө президенти Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Каржы министри Ольга Лаврова ээлеген кызматынан бошотулду.

Буйрук кол коюлган күндөн тарта күчүнө кире турганын президенттин маалымат кызматы билдирет.

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов Лаврова кызматтан кетүү боюнча жазган арызы жөнүндө интернеттен окуганын айтып, так билбеген нерсесине комментарий берүү туура эместигин билдирген болчу.

66
Белгилер:
отставка, Каржы министрлиги, Ольга Лаврова, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Кулов Лаврованын отставкасы боюнча: билбеген нерсеме комментарий бере албайм
Сариев менен Лаврова кыргыз-орус фондунун директорлор кеңешине кирди
Лаврова учак менен жүрүүгө 630 миң сом короткон
Пикирлер