Владимир Путин. Архив

Путин: ШКУнун аброю көтөрүлүүдө

28
(жаңыланган 16:53 14.04.2015)
Өз пикири менен Россия лидери ШКУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары менен уюмдун ар жылкы отурумунун алдында жолугушууда бөлүштү.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиянын башчысы Владимир Путин дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Москвада жолуккандыгы тууралуу Кремлдин сайтында кабарланат.

Жолугушуу ШКУнун коопсуздук катчыларынын жыл сайын өтө турган X отурумунун алдында болду. Уюмдун саммитин 9-10-июлда Уфада өткөрүү пландалган.

ШКУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны уюмдун чегинде коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине арналган.

"Биздин уюм (ШКУ) улам барган сайын күчкө толуп, дүйнөнүн зор мейкиндигинде кырдаалды турукташтырууга олуттуу салым кошуучу аброю чоң эл аралык түзүмгө айланып бара жатат", — деди Путин меймандар менен учурашып жатып.

Россиянын президенти "жолугушуу эл аралык оор кырдаалда өтүп жатканына" өкүнүчүн билдирди. Ал Украинадагы курч абалды белгилеп, ага байланыштуу "Шанхай алтылыгынын" коопсуздук кеңештеринин жетекчилиги астындагы атайын кызматтардын бөтөнчө жоопкерчилигин баса белгиледи. 

"Силердин күн тартибиңерде биздин кызматташтыктын жол-жоболорун жакшыртууга байланышкан күндөлүк маселелер көп экендигин билем. Алардын бири – терроризмге, уюшулган кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү. Ушунун баары биздин өлкөлөрдүн жарандарын, деги эле жер жүзүндөгү бардык адамдарды тынчсыздандырат", — деди Путин.

Ал чогулгандарга ШКУнун коопсуздук боюнча катчыларынын жыл сайын өтүүчү отуруму ийгиликтүү болушун каалады. Жана копоуздук кеңештеринин жетекчилери ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары үчүн аймактагы мамлекеттедин коопсуздугун чыңдоого кызмат кыла турган кеңештерди иштеп чыгат деген үмүтүн билдирди.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн жана (НАТОдон айырмаланып) аскердик түзүмгө ээ эмес. Бирикменин негизги милдеттери болуп кенен мейкиндиктеги экономикалык, илимий жана маданий тармактын туруктуулугу жана коопсуздугу эсептелет. Азырынча уюмдун алты мүчөсү бар. Алар Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан. Өткөн жылдын күзүндө ШКУга кирүү жөнүндө расмий арыздары менен Пакистан жана Индия кайрылган.

28
Белгилер:
саммит, ШКУ, Владимир Путин, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архив

Аспеков Жапыкеевге 50 миң доллар берүүгө камынганбы? Финпол жооп берди

86
(жаңыланган 13:03 18.01.2021)
Азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүрөт, ал тууралуу айтылган кептер карандай калп.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тарады.

Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.

"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.

Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.

86
Белгилер:
ушак, көрсөтмө, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
Илдетим күчөп кетти. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү
Түндүк флоттун курамындагы Петр Великий кемеси. Архивдик сүрөт

"Батыш үчүн негизги коркунуч". Россия флоту флагманын алмаштырууда

223
(жаңыланган 20:28 17.01.2021)
Жаңы ракеталар, заманбап борттук жабдуулар, уникалдуу аскердик мүмкүнчүлүктөр — 1144 "Орлан" долбоорунун "Адмирал Нахимов" оор атомдук ракеталык крейсери Россиянын Аскер-деңиз флотунун флагман постундагы "Петр Великий" кемесинин ордун басат.

Бул келерки жылы, 2022-жылы, ишке ашырылмакчы. Заманбапташтырылган кеме РФ флотун чыңдайт. Бул туурасындагы Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Алгачкы ранг

1144 "Орлан" долбоорунун крейсерлери – дүйнөдө авиаташуучулардан кийинки ири аскердик кемелер. Сыйымдуулугу — 25,8 миң тонна, узундугу — 250 метр, туурасы — 28,5 метр, экипаж — 760 киши. Россиянын бул типтеги эки вымпели — экинчи, Түндүк флоттун курамындагы "Петр Великий", ал "Нахимов" катарга кошулгандан кийин заманбапташтырылууга жөнөтүлөт. Маңызында экөө тең каалаган бутасын талкалай алчу толук куралданган деңиз платформасы болуп саналат. Стандарттык комплект П-700 "Гранит" кемеге каршы коргонуу ракеталарын кое берүүчү 20 орнотмо, "Оса-М" зениттик-ракеталык комплекстери, "Кинжал" жана ыраакка ок атуучу С-300Ф "Форт", "Метель" жана "Водопад" кемеге каршы коргонуу ракета-торпедалары, реактивдүү бомбомет жана АК-130 автоматтык кош стволдуу замбиректен турат. Атомдук энергетикалык орнотмосу, автономдуулугу  эки айды, ылдамдыгы 31 узелди түзөт. Сүзүү аралыгы дээрлик чектелбейт.

Крейсерлер Ырааккы Түндүк шарттарында да иштеп, Россиянын аскердик күчтөрүнө Арктика аймагына да орун алууну камсыздай алат. Аналитиктердин көпчүлүгү бул аянтты анчалык узак эмес келечекте табигый ресурстар үчүн потенциалдуу согуш талаасы катары көрүшөт.

Анткен менен кемелердин баары акырындап эскирип барат. Эгер 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында "Орлан" кемелери кандай гана кас болбосун катыгын берип келген болсо, бүгүн абал ал убактагыдай эмес. Россияда азырынча биринчи рангдагы ири аскердик кемелерди курууда кыйынчылыктар болгондуктан, РФ Коргоо министрлиги колунда бар кемелерди заманбапташтырууну жана биринчи кезекте аларды жаңы курал менен жабдууну чечкен.

Абадан коргонуу платформасы

"Адмирал Нахимовду" 1999-жылы эле ремонтко жөнөтүшкөн, бирок крейсерди оңдоо иштери бул тармакка олуттуу каражат бөлүнгөн убакта, тагыраак, 2013-жылы гана башталган. 2015-жылы Северодвинскидеги "Севмаш" ишканасында кеменин эскилиги жеткен жабдуусу чыгарылып, корпусун баалоо иштери жүргөн. Кемени заманбапташтырууну 2018-жылы аяктоону чечишкен, бирок мөөнөт бир нече ирет узартылган. Иштин жүрүшүндө ремонт иштери өзгөртүлүп, борттук жабдуу жана куралдануусуна улам жаңы табылгалар киргизилип турган.

Былтыр май айында РФ коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко оор крейсер биринчилерден болуп гипер үндүү "Циркон" ракеталарын алышарын билдирген. Алар бутасына үндөн тогуз эсе ылдам учуп, абадан коргонуунун эч бир тутумуна кармалбайт.

1000 чакырым чакты аралыкка жете алчу "Циркон" америкалык үнгө чейинки "Гарпун" кемеге каршы коргонуу ракеталарын артка калтырат (алардыкы 130 чакырым). "Орлан" кемелери дайым кубаттуу абадан коргонуучу кеме тутуму менен өзгөчөлөнүп келген. Заманбапташтырууга дейре "Нахимовдо" алыска атуучу С-300Ф "Форт" зениттик-ракеталык системасы менен жабдылган. Эми ал С-400дүн кыйла жакшыртылган аскердик-деңиз вариантына ээ болот.

Ар кыл типтеги зениттик ок-дары менен атуучу бул комплекс "көзгө көрүнбөс" учактарды жана башка аба, анын ичинде канаттуу жана баллистикалык буталарды да колго түшүрө алат.

40Н6 ракеталык системалары 400 чакырымга чейинки аралыктан объектилерди талкалайт. "Адмирал Нахимовго" С-400 зениттик-ракеталык тутумдун ок атуучу 96 шахтасы жайгаштырууну боолголоп жатышат, анда бул дүйнөдөгү абадан жасалган чабуулдан эң мыкты корголгон кемеге айланып чыга келет.

Сексен ячейка

Мындан тышкары, жакынкы аймакка ыңгайлашкан "Кортик" зениттик-ракеталык комплекси андан кыйла заманбап "Панцирь-МЕ", ал эми "Оса-М" зениттик ракеталары "Редут" жаңы ракеталарына алмаштырылат. Бирок көбүнесе сокку уруучу комплекстери заманга бапташтырылмакчы.

"Циркондордон" сырткары "Адмирал Нахимов" П-800 "Оникс" кемеге каршы коргонуу ракеталары жана 2500 чакырымга чейинки аралыкка жете алчу "Калибр" канаттуу ракеталары менен куралдандырылат. Алардын баары 80 ячейкадагы ок атуучу ЗС14 вертикалык орнотмолордон кое берилет. Аларды монтаждоо үчүн кемеден П-700 "Гранит" комплексин алып салууга туура келген.

"Граниттер" кезегинде өтө күчтүү курал эле, ылдамдыгы – үч Мах, ыраактыгы 625 чакырымды түзгөн. Беш килотонналык өзөктүк куралы бир тийгенде авиаташуучуну да кыйратып кое алчу. Бирок көлөмү чоң, узундугу он метр, салмагы жети тоннанын тегерегинде эле. Кемеге каршы коргонуучу жаңы ракеталардын ок бөлүгү анчалык кубаттуу эмес, бирок ыкчам жана таамай тиет.

Крейсердин кемеге каршы коргонуу куралдануусу да жаңыртылат. "Адмирал Нахимов" кемени жакынкы аралыктарда торпеда жана суу түбүндөгү кайыктардан коргой турган "Пакет-НК" комплексин алат. Бул система эки типтеги ок-дарыга: МТТ жылуулук торпедалары жана торпедаларга каршы коргонуучу реактивдүү М-15ке ээ. Биринчиси 20 чакырым аралыктан 600 метрге чейинки тереңдиктеги субмариналарды талкалай алат. Экинчиси кемеге чабуул койгон 1,4 чакырымга чейинки аралыктан 800 метрге дейре тереңдиктеги торпедаларды кармай алат.

"Пакет-НК" болушунча автоматташтырылган, өз алдынча бутаны байкап, тааный алат. Кыймылынын параметрлерин аныктап, торпедага жана кемеге каршы коргонуучу торпедага так бута көрсөткүчтөрүн берет. Эки ок-дары тең жетишерлик ыкчам жүрө алат, ылдамдыгы — 50 узел (саатына 92 чакырым).

Албетте, крейсердин электрондук ички курамы да эң заманбап тутумга алмаштырылып, бул кеме экипажынын кырдаалдан кабар алып туруусун алда канча жогорулатат, борттук куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Булардан тышкары, крейсер байланыш жана навигациянын соңку үлгүдөгү системалары, ошондой эле заманбапташтырылган палубалык Ка-27М үч тик учагынан турган авиотоп менен камсыз болмокчу. Бул машиналар экипажга болжолдуу душмандын суу түбүндөгү кайыктарын табууну бир топ жеңилдетет.

223
Белгилер:
аскер-деңиз флоту, Россия
Тема боюнча
Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда
Pfizer вакцинасы. Иллюстративдик сүрөт

ЖМК: Pfizer вакцинасын жарактуу деп тапкан агенттик кысымга учураган

0
(жаңыланган 13:18 18.01.2021)
Интернетке Pfizer-BioNTech вакцинасынын жарактуу деп бекитилишинен шек санаткан маалыматтар чыгып кетти. Анда айтылгандардага караганда, препаратты айрым кемчиликтерине карабай, шашылыш түрдө даяр деп жарыялап коюшкан.

Лиз Барнео

Уурдалып, интернетке жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча Pfizer-BioNTech вакцинасын жарактуу деп бекитип берген агенттик мындай чечимди кысым көрсөтүүлөрдүн алдында кабыл алган.

Вакцина тууралуу документтер Европанын дары каражаттары агенттигинен (ЕДКА) уурдалып, декабрь айында жарыяланган. Маалыматтар франциялык Le Monde басылмасына жетип, европалык журналисттер тобу иликтеп көрдү.

Папкада Pfizer-BioNTech препаратынын кантип бекитилгендиги боюнча 20 бөлүмдөн турган документтер камтылган. Алардын ичинде аталган агенттиктин жооптуу кызматкерлери жазган 19 кат бар. Анын ичинен беш кат препараттарды бекитүү процесси айрым эрежелерди бузуу менен ылдамдатылганын далилдеп турат.

12-ноябрдагы жазылган катта ЕДКАнын бир кызматкери Европа биримдигинин (ЕБ) саламаттык сакттоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес менен сүйлөшүүсү боюнча айтат.

Анда Кириакидес "Европанын бардык мамлекеттери бир учурда вакцина алышы керектигин" айтып, аны расмий бекитип берүү процесси ылдамдатылышы керектигин билдирет. Ошол эле учурда эгер эпидемия болуп кетсе, ЕБдин курамына кирген өлкөлөр препаратты ЕДКАнын жактыруусу жок эле пайдалана берерин айткан.

19-ноябрь күнү агенттиктин жогорку кызматты аркалаган өкүлү Европа комиссиясында "өтө оор атмосферада өткөн" жыйын тууралуу кат жазган. Анда вакцинанын канчалык деңгээлде даяр экенине карабай бекитип бербесе, ЕДКА бир топ көйгөйлөргө кабылары айтылган.

Ошол эле аткаминер эртеси күнү Даниянын дары-дармектер агенттигине кат жолдогон. Анда "Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Pfizer-BioNTech жана Moderna препараттары жылдын аягына чейин бекитилет дегени мени таң калтырды. Экөөндө тең азырынча кемчиликтер бар" деп баяндаган.

Мындан кийин кандай көйгөйлөр бар экени айтылат. Тагыраагы, Pfizer-BioNTech вакцинасынын кемчиликтери жөнүндө сөз болот.

Ноябрь айында аталган агенттик вакцинанын мынчалык эрте чыгып кетишине карата төмөндөгүдөй үч каршы пикирин айткан:

  • айрым өндүрүү аянттарынын жарактуулугу боюнча макулдашуулар жок;
  • коммерциялык жол менен берилчү вакциналар боюнча маалымат жок;
  • эң негизгиси, коммерциялык жол менен берилчү вакцина менен клиникалык сыноо учурундагы вакциналардын сапаты боюнча айырма чыгып калышы.

Дал ушул акыркы пункт препараттын сапатын текшерип жаткан тарапты түйшөлткөн.

"Чекеге чыккан чыйкан"

Чындап эле клиникалык сыноо болуп жаткан учурдан тарта вакцина массалык өндүрүлө баштаганга чейин бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, башка заводдор ишке кирип, санды көйбөйтүү талабы коюлган. Дал ушул өзгөрүүлөр вакцинанын курамында рибонуклеин кислотасынын (РНК) көлөмү азайып калышына себепкер экени айтылат. Ал эми бул зат органзимге кирген соң иммунитетке вирусту таанып, ага каршы турууну үйрөтөт.

Рибонуклеин кислотасынын көлөмү клиникалык сыноо учурундагы препараттарда 69-81 пайыз болсо, сатыкка чыккандарда орто эсеп менен 59 пайыды түзгөн. Атургай айрым партияларында бул көрсөткүч 51-52 пайызга түшүп кеткен учурлар болгон. Агенттикти дал ушул түйшөлтүп жаткан.

Мындан улам РНКнын азыраак болуп калышы, анын эффективдүүлүгүнө кандай таасир этет жана бул дегеле организмге кооптуу эмеспи деген суроо пайда болот.

20 жылдан бери РНК вакциналар менен иштеп келе жаткан Цюрих университетинин алдындагы оорукананын адиси Стив Пасколо бул препаратты текшерип жатканда РНКсы айрым учурларда аз болсо, айрым учурда, тетиринче, көп болуп кеткен мисалдар бар экенин айтат.

"Көп болуп калса дагы кыйын, вакцинанын иштөө процесси татаалдап кетет", — деди ал.

Бирок ЕДКА берген отчётторунда бардык вакциналардын курамынын туптуура 62 пайызы РНКдан турары айтылган.

Анткен менен АКШнын Тамак-аш жана медикаменттерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мындай кемчиликтер менен препараттын шашылыш түрдө жарактуу деп кабыл алынып калышын байланыштырбоо керектигин айтат. "Бул көзөмөлдөөчү органдар менен өндүрүп жаткандардын кемчилиги. Негизи ЕДКА берген уруксат вакцинанын өзүнө толугу менен берилген жок. Аны убактылуу колдонууга берилди. Демек, дагы деле препараттарга талап, чектөөлөр күч. Бул нерсе кайсы бир регионго сапатсыз вакцина түшүп калышына жолтоо болот", — деп айтылат каттардын биринде.

"Каршы туруу"

26-ноябрь күнү BioNTech жана Pfizer компаниялары ЕДКАга жооп беришкен. Докладда ар кайсы өндүрүш жайлары текшерилгенин айтып, чындап эле РНКнын көлөмүн эң аз дегенде 60 пайызга көтөрүү керектигин кошумчалашкан.

Бирок вакцина өндүрүүчүлөр кийин Comirnaty вакцинасы боюнча докладында РНКнын көлөмү анын эффективдүүлүгүнө таасир тийгизбеши керектигин жана зыянсыз экенин жазышкан.

Мындай пикир ЕДКАны ынандыра алган эмес, анткени акыркы билдирүүлөрдө дагы препараттардын кемчилиги боюнча айтып берген. Көп өтпөй агенттик менен өндүрүүчү компаниялардын каты жарыяланган.

"Биз муну чоң кемчилик катары карап жатабыз. Андыктан продукцияны көзөмөлдөө боюнча мындан дагы катуу стратегия болушу керек. Докладдардын биринде өндүрүш убагында түзөтүүлөр киргизилген учурда РНКнын көлөмү 75 пайызга чыгышы мүмкүн экенин айтыптырсыңар. Бирок бул дагы клиникалык сыноо учурундагы колдонулган вакциналардын курамына туура келбей жатат", — деп жазылган ЕДКАнын катында.

15-январь күнү BioNTech менен Pfizer өндүрүш кайрадан кечиктирилип жатканын жар салып, керектүү көлөмдө вакциналар Бельгиянын Пурс шаарындагы заводдо жасалып жатканын кошумчалашты.

Акыры Европанын дары каражаттары агенттигинен компаниялар РНКнын көлөмү боюнча көйгөйдү чече алганын билдиришти.

0
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Европа
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда