Атамбаев Казакстанда каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев. Архив
Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы КР өкмөтүнө аталган окуяга байланыштуу зарыл болгон бардык чараларды тезинен көрүү тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Президент Атамбаев Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы – Екатеринбург автожолунда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Казакстанда кырсыкка кабылган кичи автобус 19 эмес, 7 жүргүнчүгө гана ылайыкталган
Мамлекет башчысы КР өкмөтүнө аталган окуяга байланыштуу зарыл болгон бардык чараларды тезинен көрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле өлкө башчысы керек болгон каражаттарды өз фондунан бөлүп берүү боюнча буйрук берди. 


Жаңылыктар түрмөгү
0