Каржы министринин ордуна азырынча талапкер сунуштала элек

Жазылуу
"Ар-Намыс" фракциясынын иштери көп болгондуктан, мүмкүн болгон талапкерлерди кароо иштери кийинкиге жылдырылганын Кулов билдирди.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Каржы министрлигинин жетекчилигине ким сунуштала турганы азырынча белгисиз экенин "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

13-апрелде өлкө башкы Атамбаев Ольга Лаврованын өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча жазган арызын канааттандырган.

Куловдун айтымында, талапкерлерди сунуштоо кийинки жумада талкууланат.

"Талапкерлерди мен азыр атай албайм", — дейт фракция лидери.

"Ар-Намыс" фракциясынын иштери көп болгондуктан, мүмкүн болгон талапкерлерди кароо иштери кийинкиге жылдырылганын Кулов белгиледи.

Көпчүлүк коалициялык макулдашууга ылайык, Каржы министрин тандоо "Ар-Намыс" фракциясына берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0