Лавров: бүгүнкү күнү Ислам мамлекети уюму – биздин башкы душманыбыз

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛавров: бүгүнкү күнү Ислам мамлекети уюму – биздин башкы душманыбыз
Лавров: бүгүнкү күнү Ислам мамлекети уюму – биздин башкы душманыбыз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терроризм менен күрөшүү бизге жат эмес, ошол эле учурда аны менен такай күрөшүш керек дейт министр.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Учурда "Ислам мамлекети" уюму – биз үчүн башкы душман. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РФ ЖМКларынын белгилүү башкы редакторлору менен интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында, европалыктар, америкалыктар жана КМШ мамлекеттеринин жарандары "Ислам мамлекети" уюмунун катарында согушуп жатат.

"Алар согушуп, кайта үйүнө келип эс алышат. Өздөрүнүн көңүл ачуусу үчүн үйүндө ойго келгис иштерди жасашы ыктымал. Терроризм менен күрөшүү бизге жат эмес, бирок муну такай жүргүзүү керек", — деди министр.

"Ислам мамлекети" террордук уюму 2014-жылы Ирак менен Сириянын көпчүлүк аймактарын басып алгандан тарта бүт дүйнө үчүн коркунуч жаратууда. Жихадчылар ээлеп алган жерлер "халифаттын жерлери" деп аталууда. Согушкерлер мындан ары да башка жерлерди басып ала турганын билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0