Темир Сариев. Архив

Нышанов: премьерлик орунга министр Сариевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп турат

122
(жаңыланган 11:56 27.04.2015)
Өкмөт башчылыкка Экономика министри Темир Сариев менен Бишкектин экс-мэри, КСДПчы Иса Өмүркуловдун талапкерлиги айтылып жатат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Парламентте өкмөт башчылыкка экономика министри Темир Сариев менен Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлиги талкууланып жатат деп билдирди "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов.

Жоомарт Оторбаев өткөн бейшембиде өкмөттүн 2014-жылдагы иши боюнча отчет берип, аны ЖК канааттандырарлык деп тапкандан кийин парламенттин жыйынында премьер-министрлик кызматтан кете тургандыгын жарыя кылган. Анын эртеси, жума күнү президент Алмазбек Атамбаев Оторбаевдин отставкасын кабыл алган. 

Жаңы премьер-министрдин талапкерлигин парламенттеги көпчүлүк коалиция — КСДП, "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" тандайт.

Нышановдун айтымында, учурда парламентте бул кызматка талапкерлерди талкуулоо жүрүп жатат. 

"Өкмөт башчынын талапкерлигине Сариев менен Өмүркуловдун аты көбүрөөк аталууда, бирок, экономика министринин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп турат. Анткен менен бул кызматка келүүнү каалагандар аз эмес",— деди ал.

Депутат азырынча көпчүлүк коалиция бул маселени талкуулай элек, бирок, фракциялар ичинде талкуу жүрүп жатат. Фракциялардын бул боюнча расмий жыйын өткөрө электигин кошумчалады.

122
Белгилер:
талапкер, премьер-министр, Иса Өмүркулов, Сайдулла Нышанов, Темир Сариев
Тема:
Жаңы премьер-министрди дайындоо (33)
Тема боюнча
Экономика министри: Оторбаевдин отставкасы КРдин ЕАЭБге кирүүсүнө таасир этпейт
Оторбаев кетип жатканда Жолдошева аны сындап да, ыйлап да алды