Путин: батыштын ак сөөктөрү Россияны "кол сунган кайырчы" болгонун көргүлөрү келет

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүВладимир Путин. Архив
Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин президенти Владимир Путин Россия эч кандай оюн эрежелерин, эл аралык укукту жана БУУ уставын бузган жери жок деп билдирди. Путиндин айтымында, бул глобалдуу коопсуздук маселелер жаатына да тиешелүү.

БИШКЕКЕ, 27-апр. — Sputnik. РФтин президенти Владимир Путин Россия эч кандай оюн эрежелерин бузган жери жок жана эл аралык укукту толук сактоодо, ал эми Батыш геосаясий атаандаштыкты сезип, РФтин өнүгүүсүн тизгиндөө аракетин көрүп жатат деген ишеничте деп билдирет РИА Новости.

"Бирок ушул үстөмдүк кылуучу делген чөйрөдөгүнлөр, ошол өлкөлөрдүн саясий, экономикалык элиталары биз жакырланып, байкуш кейптенип, колубузду сунуп турсак гана бизди жакшы көрүшөт. Өз кызыкчылыгыбызды айтып, баш көтөрө баштасак эле, алар кандайдыр бир геосаясий атаандаштыкты көрө баштайт", — деди Путин "Россия-1" каналына чыккан "Президент" тасмасында.

"Биз эч кандай оюн эрежелерин бузган жокпуз деп терең ишенем. Оюн эрежелери деп биринчи кезекте эл аралык укук, Бириккен Улуттар Уюмунун уставы жана ага байланышкандардын баары жөнүндө айтып жатам. Бул биздин Украина менен мамилебизге да, Крымдагы жагдайга да, дүйнөнүн башка аймактарында эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча көз караштарыбызга да тиешелүү".

Путиндин айтымында, бул глобалдуу коопсуздук маселелерине да тиешелүү.

"Мисалы, Америка Кошмо Штаттарынын ракетага каршы коргонуу системаларын чектөө жөнүндө келишимден чыгуусуна карата биздин көз карашыбыз. Биз дал ушулардын баары жөнүндө айта баштаганда, же НАТОнун Чыгышка карай кеңейиши, аскердик инфраструктураны биздин чек араларга жакындатуу биз үчүн коркунуч жаратарын айтсак, алар бизге каршылык көрсөткүлөрү келе баштайт. Жана бүгүн бул биз көрүп тургандай түргө келди. Дал ушунун өзү — баарына белгилүү болгон санкциялар", — деди ал.

Президенттин айтымында, санкциялар Россиянын өнүгүүсүн тизгиндөө аракети болуп эсептелет. 

"Мындай аракеттер Россиянын бүтүндөй тарыхын тээ падышачылык мезгилден бери коштоп келет. Бизге бөгөт коюу аракети, ушул саясат жүздөгөндөн жылдан бери эле белгилүү. Мында жаңы нерсе жок. Биз үчүн анча капалана бере турганга себеп да жок", — деп кошумчалады Путин.

Россия менен Батыштын мамилелери Украинадагы жагдайга байланыштуу начарлап кеткен. 2014-жылдын июлунда ЕБ менен АКШ айрым жеке адамдар менен компанияларга каршы санкциялардан Россия экономикасынын бүтүндөй тармактарына өтүшкөн. Ага жооп кылып Россия санкцияларды киргизген АКШ, ЕБ мамлекеттери, Канада, Австралия жана Норвегия сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн азык-түлүктү импорттоого бир жылга чек койгон. Тийиштүү тизмеге уйдун, канаттуулардын, чочконун эти, колбаса, балык, жемиштер, сүт азыктары, ж.б. азык-түлүктөр кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0