Депутаттар бир күндүк айлыгын согуш ардагерлерине которууну демилгелешти

© Sputnik / Табылды КадырбековВетераны Великой Отечественной войны. Архивное фото
Ветераны Великой Отечественной войны. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү бир күндүк эмгек акысын согуш ардагерлерине которуу демилгесин көтөрүштү

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Депутат Чолпон Султанбекова Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата депутаттардын бир күндүк эмгек акысын Ардагерлер фондусуна которууну сунуштады.

"ЖК депутаттарынын бир күндүн айлык акысын Ардагерлер фондусуна которуп берсек деген сунуш киргизем", — деди депутат.

Бүгүн ЖКда саат 11де Жогорку Кеңеште Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган "Согуш альбому: жүздөр аркылуу кайрылуу" деп аталган фотокөргөзмө ачылат. Анда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан биринчи чакырылыштын 51 депутаты туурасында маалыматтар топтолгон.

Кыргызстанда учурда согуштун 1113 катышуучу бар, алардын 360ы Бишкек шаарында жашайт. Өлкө боюнча тылдын катышуучуларынын саны – 5480 адам.

Жаңылыктар түрмөгү
0