Башкы прокуратура: "Коопсуз шаар" боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузулган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСветофор. Архив
Светофор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" боюнча тендерди өткөрүүдө да, жеңүүчүнү аныктоодо да мыйзам бузуулар болгон.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылып жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун тендерин өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуз шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердин өтүшүндө мыйзам бузулганы айдан ачык
КР ИИМи тендер мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, 25-мартта Бишкек райондор аралык сотуна кайрылган. Ички иштер министрлиги 2014-жылдын 29-октябрында жана 2015-жылдын 27-январында өткөн тендердин жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

Тендерди өткөргөн комиссия тендерди өткөрүүдө эле мыйзам бузбастан, жеңүүчү деп "Стилсофт" ЖЧКсын тандоодо дагы мыйзам бузууларга жол бергени башкы прокуратуранын текшерүүлөрү учурунда аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0