Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ант берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант берди
Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн бейшемби күнү 97 депутат премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин колдогон болчу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Өткөн бейшемби күнү 97 депутат премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин колдогон болчу. Ант бергендер:

  • Темир Сариев — премьер-министр
  • Тайырбек Сарпашев — биринчи вице-премьер-министр
  • Абдырахман Маматалиев — вице-премьер-министр
  • Валерий Диль — вице-премьер-министр
  • Дамира Ниязалиева — вице-премьер-министр
  • Нурханбек Момуналиев — өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министр
  • Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри
  • Абибилла Кудайбердиев — коргоо министри
  • Мелис Турганбаев — ички иштер министри
  • Жылдыз Мамбеталиева — юстиция министри 
  • Адылбек Касымалиев — каржы министри
  • Олег Панкратов — экономика министри 
  • Таалайбек Айдаралиев — айыл чарба жана мелиорация министри
  • Аргынбек Малабаев — транспорт жана коммуникациялар министри 
  • Кубатбек Боронов — өзгөчө кырдаалдар министри
  • Кубанычбек Турдубаев — энергетика жана өнөр жай министри
  • Эльвира Сариева — билим берүү жана илим министри
  • Талантбек Батыралиев — саламаттык сактоо министри
  • Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат жана туризм министри
  • Кудайберген Базарбаев — социалдык өнүгүү министри
  • Айбек Азыранкулов — эмгек миграция жана жаштар министри
  • Бусурманкул Табалдиев — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев отставкага кеткенден кийин премьер-министрдин орду бош калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0