Кыргызстан ЕЭКтин кезексиз отурумун өткөрүүнү суранды

© Sputnik / Михаил Воскресенский, STF / Медиабанкка өтүүБажы. Архив
Бажы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү 7-майда Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин отурумун өткөрүп, анда ташылып келинген товарларга пошлиналар боюнча жеңилдикти калтырууну жана аудитти ветеринардык көзөмөлдү текшерүү системасынан алып салууну сунуштамакчы.

БИШКЕК, 6-май. – Sputnik. Кыргыз өкмөтү 7-майда Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин отурумун өткөрүүнү, анда ЕАЭБге кирүүдө талаштуу делген бир нече маселелер боюнча мунасага келүүнү талкуулоону сунуштап жатат. 

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө ичимдик рыногун жөнгө салуу жөнүндө долбоор даярдоодо
Былтыр декабрь айында Евразиялык экономикалык комиссиянын Жогорку Кеңешинин жыйынында КРдин ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимге кол коюлган. Мурдагы сүйлөшүүлөр боюнча Кыргызстан аталган уюга 8-майдан тарта кириши керек эле. Ал арада тараптар Кыргызстандын кызыкчылыгына байланыштуу эки маанилүү делген маселе боюнча бир пикирге келе албай, талаштуу жагдайлар келип чыкты. 

Биринчиден, Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташылып келген товарларга бажы пошлиналары боюнча жеңилдикти сактап калууга аракет кылып жатат, себеби, буга чейин Кытай менен бул жаатта макулдашуу түзүлүп калган. Экинчиден, республика аудитти ветеринардык көзөмөл текшерүү системасынан алып салууга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба продукцияларынын өндүрүүчүлөрдүн товарларын биримдиктин аймагында тоскоолдуксуз жүрүшүн таануусун талап кылып жатат. 

Мындан бир нече күн мурда республика ЕАЭБге кирүү боюнча келишимге тиркелген үч протоколдун долбоорун жактырды. Ведомство аралык комиссияга ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү боюнча иштөө жана протоколдордун долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0